"Рысбай Исаков, Азиз Биймырза уулу, элдин башын айлантпагыла!". Дөөлөт Сыдыков "Манас айылына" байланыштуу чырга кесиптештери аралашканын билдирди
"Куугунтукка кабылдым" деп өлкөдөн чыгып кетип, учурда Түркияда жашап жаткан манасчы Дөөлөт Сыдыков "Манас айылы" этнографиялык комплексинин айланасындагы чырга кесиптештеринин да тийиштиги бар экендигин социалдык баракчасына жазып чыкты.
- "Манас айылы" этнографиялык комплекси боюнча бийлик мыйзам талаасына эми түшүп жатыптырбы, мыйзамсыз чек араны талкалап кирип иш кылып жаткан Дамирбек Асылбек уулу менен Марат Турсунбеков ошондо мыйзамсыз талкалаганын кайда катабыз?!
Баары ачык айтылган соң, Манас айылын көчүрөбүз деп жатышкан бийлик, курганга аргасыз болуп, шаша-буша кабыл алган долбооруңар жарабай калдыбы? Эми эсине келип эреже боюнча сынак өткөрүш керек экенин эстешкен тура. Мен жөн койгула, тийбегиле деп канча айттым эле. Манастын атын сыйлап деле тийбеш керек эле го. Буга чейин өткөн сынакты кантип жокко чыгардыңар?
Канча жыл сахнада чогуу жүргөн Рысбай Исаков жана Азиз Биймырза уулу, силерге мен "Манас айылы" тегерегиндеги мыйзамсыз иштерди айтсам дагы, комплекстин жерин алса ала берсин деген пикирде болчусуңар. Бере бер да, болбосо биз сага каршы чыгып калабыз дедиңер эле. Айтсаңар калыс пикир айткыла, болбосо аралашпагыла, жаман-жакшы сөз айтышып калабыз деп мен дагы эскерткем. Көрсө, ийри жыланыңарды ичиңерде катып, ич күптүңөр көп экен го. Бая күндөн бери байкап отурдум, көп сөз айта элекмин. Комплекстин жери боюнча президент 8 гектарга чейин чоңойтуп берди деп жатасыңар. Мен өткөндө топосъёмканы жарыя кылгам. Түшүнгөн киши түшүнөт, ошол топосъёмкада 9 гектар деп турат. Манас айылынын жери өзү 9 гектар жер болсо, кайсы 8 гектарды айтып жатасыңар, 1 гектар жери кайда калат? 1 гектар жердин көзүн кошо тазалашып жатасыңарбы? Элдин башын айланпагыла! Силер канчалык бийликке көшөкөрлөнгөн сайын мен чындыкты далилдей берем. Көп нерсени бурмалап ашмалтайды чалганга жол жок.
Манас атанын алдында жооп бере турган күн алыс эмес! Манас үчүн бир тура алган жоксуңар!