Раиса Атамбаеванын 10 күндөн бери ооруканада экени маалым болду
Раиса Атамбаева кардиология бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жазып чыкты.
Анын айтымында, экс-президенттин жубайы 10 күндөн бери жүрөк оору, эс-учун жоготуу, алсыроо, кан басымдын түшүп кетишине байланыштуу дарыланып жатат.
“3 жылдан бери мурдагы канайымдын ден соолугу начарлап кетти”, - деп жазды ал.