Royal
SerepTV Logo

Раиса Атамбаева ооруканадан чыкты

Раиса Атамбаева ооруканадан чыкты
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева ооруканадан чыкты. Бул тууралуу анын уулу Кадыр Атамбаев билдирди.

"Апам атам менен жолугушууга барган күнү ооруканадан чыгарылды. Учурда ал үйдө, дарылануусун улантууда. Өзүн жакшы сезип жатат, бирок атам үчүн кайгырып жатат", — деди Кадыр Атамбаев.

4-майда Раиса Атамбаеванын кардиология бөлүмүндө жатканы маалым болгон. Экс-президенттин жубайы 10 күндөн бери жүрөк оору, эс-учун жоготуу, алсыроо, кан басымдын түшүп кетишине байланыштуу дарыланып жаткан.