Abank
SerepTV Logo

Президенттин коомдук кабылдамасында рак илдетине чалдыккан балдардын ата-энелери менен жаңжал чыкты

Президенттин коомдук кабылдамасында рак илдетине чалдыккан балдардын ата-энелери менен жаңжал чыкты
Бүгүн, 17-майда рак илдетине чалдыккан балдардын ата-энелери президент Садыр Жапаров менен жолугушууну талап кылышкан эле. Бирок президенттин коомдук кабылдамасында ата-энелер менен катчысынын ортосунда жаңжал чыкты.

"Менден эмне каалайсың? Мен айттым, президент иш сапардан келе элек. Үнүңүздү көтөрбөңүз. Мен бул жерде эч нерсе чечпейм», - деди ал.

Рак оорусуна чалдыккан балдардын ата-энелери тынчтык митингин токтотпой жатышат. Бирок тартип сакчылары Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынгандыктан, жарандарды тарап кетүүнү суранышты. Милиция кызматкерлери митингчилерге Максим Горький аянтына барууну сунуштады.

https://youtu.be/g4kJ5Dxqvjc