Abank
SerepTV Logo

Президенттин командасында кимдер бар? Бишкекте 4-5-майда «Мурас» футбол боюнча достук мелдеши өтөт

Президенттин командасында кимдер бар? Бишкекте 4-5-майда «Мурас» футбол боюнча достук мелдеши өтөт
Президент Садыр Жапаров «Мурас» футбол боюнча достук мелдешине катышат. Спорттук иш-чарага 12 команда катышат. Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча алар төрт топко бөлүнөт: • А тайпасы: президенттин администрациясы, «Ден соолук», Жогорку Кеңеш; • В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»; •С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»; •D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер». 4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот. Турнир Кыргызстандын футбол союзунун жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="108376,108366,108367,108370,108374,108368,108369,108371,108372,108373,108375,108377"]