Президенттик администрация футзал боюнча мелдештин жеңүүчүсү болуп, 1 миллион сом утуп алды
Футзал боюнча “Мурас” турниринде президенттик администрация “Жогорку Кеңешти” утуп, 1-орунду ээледи. Оюн кызуу жүрүп, 7:3 эсеп сандары менен аяктады. Ал эми 3-орунду "Алга" командасы алды.
Садыр Жапаров турнирдин аягында сөз сүйлөдү. "Футболчуларга бүгүн байге тапшырылды. Кубокту алдык. Бирок бул өтмө кубок болот. Күзүндө кубок жасатпайбыз. Эгер 3 жолу биз сактап калсак, анда жаңы кубок башталат. Ал эми 1 миллион сомду болсо, жетим балдар үйүнө жана карылар үйүнө беребиз деп сүйлөшкөнбүз. Жетим балдар үйүнө берилет. Декабрда жолугушканча аман-эсен туруңуздар", - деди ал.
