Royal
SerepTV Logo

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) 37-урпагы болгон Умар ибн Хафиз Кыргызстанга келди

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) 37-урпагы болгон Умар ибн Хафиз Кыргызстанга келди
Бүгүн, 7-май күнү Бишкек шаарындагы Имам Сарахсий башкы мечитинде Азирети Мухаммаддын (с.а.в.) 37-урпагы болгон ислам жарчысы, улуу аалым Хабиб Умар ибн Хафиз шам намазын окуп, калаа тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттан малымдашты.
Ал Йемен Республикасынын Хадрамаут аймагындагы Тарим шаарында 1963-жылы 27-майга туура келген (1383-жылы 4-мухаррам, дүйшөмбү) күнү таңга маал төрөлүп, ошол жерде чоңойгон. Ыйык Куранды жаттап, атасынын колунда илим, ыйман жана кооз адеп-ахлак чөйрөсүндө эрезеге жеткен. Учурда дүйнө жүзүн кыдырып, исламий сукпаттарды өткөрүп келет. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="240587,240586,240582,240585,240584,240588,240583"]