"Өзбекстанда балдардын массалык өлүмү катталган". Кыргызстанда «Док-1 Макс» дарысын сатуу токтотулду
Кыргызстанда “Док-1 Макс” дарысын сатуу токтотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору Дары-дармек жана медициналык техника департаментине шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка караганда, Өзбекстанда балдардын массалык өлүмү катталган, бул болжолдуу түрдө индиялык Marion Biotech Pvt компаниясынын "Док-1 Maкс" колдонуусунан улам болгон.
«Док-1 Макс» таблетка түрүндө чыгарылат. Кыргызстанда 2018-жылы катталган, акыркы жолу 2021-жылы кирген. 2022-жылы өлкөгө кирген эмес. Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен 2022-жылдын 23-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында сатууну убактылуу токтотуу чечими кабыл алынды. Үлгүлөр анализ жүргүзүү үчүн Борбордук контролдоо-аналитикалык лабораторияга жөнөтүлгөн.