Royal
SerepTV Logo

Ошто тротуар салууга тоскоол болгон объекттер алынууда

Ошто тротуар салууга тоскоол болгон объекттер алынууда
Ошто тротуар салууга тоскоол болгон объекттерди алуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты. 2022-жыл – Ош шаарында тротуар жылы деп жарыяланганына ылайык, Бекмамат Осмонов көчөсүнүн Абдыкадыров көчөсүнөн Нышанов атындагы мектепке чейинки аралыгына тротуар куруу иштери башталды. Даярдык иштеринин алкагында учурда тротуарга тоскоолдук жараткан объекттер алынып, анын ичинде “Динат” ресторанынын тосмолору да бузулууда. Жасалуучу тротуардын узундугу 840 метр, туурасы 3 метрди түзөт. План боюнча иш июль айынын аягына чейин бүтүшү керек. Жалпысынан быйыл Ош шаарында 38 көчөнүн боюндагы тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.