Royal
SerepTV Logo

Ошто мас абалындагы видеосу тараган милиция кызматкери кызматтан алынды

Ошто мас абалындагы видеосу тараган милиция кызматкери кызматтан алынды
Кечээ, 17-майда социалдык тармактарда мас абалындагы милиция кызматкери тартылган видео тараган. Видео боюнча Ош ШИИБ маалымат таратып, текшерүүдөн кийин анын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери экендиги аныкталганын билдиришти. "Ош ШИИБдин жетекчилиги тарабынан иликтөө иштерин жүргүзүүгө тапшырма берилди, милиция кызматкеринин кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык тартипти одоно түрдө бузган бул кызматкерге тез арада катуу, тиешелүү чара көрүлөт", - дешкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ош ШИИБ менен байланышканда милиция кызматкердин кызматтан алынганы белгилүү болду.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Azamat Ormokeev (@azamatormokeev)