Ошто иш бөлмөсүндө каза тапкан футбол машыктыруучусу тууралуу маалымат
Кечээ, 24-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош шаарында 29 жаштагы футбол машыктыруучусу иш бөлмөсүндө көз жумганы маалым болгон.
Маалыматты милиция тастыктап, жүрөк оорусу кармап каза болгонун, экспертиза дайындалганын билдирген.
Маркумдун Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын машыктыруучусу Бактыбек уулу Темирлан экени маалым болду. Аталган футбол академиясы машыктыруучусу тууралуу маалымат берди: "23-апрелде досубуз жана кесиптешибиз, Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын машыктыруучусу Бактыбек уулу Темирлан кокусунан жүрөгүнүн согуусу токтоп каза тапты. Ал токтоо, боорукер, жамаатта жана окугандар арасында урмат-сыйга ээ болчу".
data-instgrm-version="14">
Посмотреть эту публикацию в Instagram