Abank
SerepTV Logo

Ош шаарынын казысы болуп Мырза Осмонов дайындалды

Ош шаарынын казысы болуп Мырза Осмонов дайындалды
Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Мырзакул Осмонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Замир Ракиев кол койду. Мырзакул Осмонов Ош облусунун Чоң Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган.
2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы «Умар бин Хаттаб» медресесинен билим алган.
2011-2015-жылдары Ош облусундагы «Абдужапар» Ислам институтун аяктаган.
2009-2016-жылдары ОшТУнун Энергетика факультетин бүтүргөн.
2013-жылы шаар казысынын жардамчысы болуп иштеген.
2014-жылдан тартып бир катар мечиттин имамы болуп эмгектенип келген.
Кыргыз, орус, араб, түрк, урду тилдерин билет.