2 уул, 2 кыз. Ош шаарында 32 жаштагы аял 4 эм төрөдү
Ош шаарында биринчи жолу 4 эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында 2-майда Ош шаарынын тарыхында биринчи жолу төрт эм төрөлдү. Пландуу түрдө операцияга алынган 32 жаштагы эне кесарево сечение жолу менен 2 кыз, 2 уул тапты:
1. Уул, салмагы - 1 килограмм 195 грамм;
2. Кыз, салмагы - 1 килограмм 60 грамм;
3. Кыз, салмагы - 1 килограмм 100 грамм;
4. Уул, салмагы - 1 килограмм 130 грамм.
Төрөттү 14 дарыгерлер тобу кабыл алды. Бүгүнкү күндө эненин жана наристелердин абалдары жакшы. Эне наристелери менен үйгө чыгарылууга даярдалууда.
Жаш үй-бүлө Нариман айыл өкмөтүнүн Нурдор айылында жашайт. Замира менен Рустамдын мындан башка дагы эки уулу бар. Энесин чыдамсыздык менен жолдошу жана эки уулу күтүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.
[gallery columns="1" size="full" link="file" jnewsslider="true" ids="110857,110859,110860,110858"]