Royal
SerepTV Logo

Орусиянын айрым телеканалдары Кыргызстандын аймагында көрсөтүүлөрүн убактылуу токтотту

Орусиянын айрым телеканалдары Кыргызстандын аймагында көрсөтүүлөрүн убактылуу токтотту
Кыргызстанда ВГТРК телеканалдарынын, анын ичинде Россия 24 телеканалынын көрсөтүүсү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Акнет” ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, бул кээ бир өлкөлөрдө жалпы орусиялык телеканалдарды таратууга мыйзамдык чектөөлөрдү кабыл алып жаткандыктан болуп жатат - ВГТРК каналдарын көрсөтүү эл аралык спутниктерде бир тараптуу бөгөттөлгөн. Андыктан Россия маданияты, Россия 24 жана Звезда убактылуу жеткиликтүү эмес. «Адистер туруктуу сигнал үчүн резервдик берүүнү уюштуруунун үстүндө иштеп жатышат",- деп айтылат маалыматта.