Abank
SerepTV Logo

Орусиядан Кыргызстанга өткөн айда 15 жарандын сөөгү келди

Орусиядан Кыргызстанга өткөн айда 15 жарандын сөөгү келди
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 2022-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейинки мезгилде Орусияда Кыргыз жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жасаган иштери тууралуу маалымат берди. Берген маалыматында жазылгандай, элчилик Кыргызстандын каза болгон 15 жаранынын сөөгүн («Жүк-200») мекенине жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам көрсөткөнүн билдиришти. "Өз кезегинде мыйзамга ылайык, жакын туугандарына алардын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө кеткен чыгымдары үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилди", - деп айтылат маалыматта.