Abank
SerepTV Logo

Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн 15 жаштагы кыздын жанында эжеси болгон

Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн 15 жаштагы кыздын жанында эжеси болгон
Орусиянын Красноярск шаарында полиция эмгек мигранттары арасында рейд өткөргөн. Текшерүү учурунда 2009-жылы туулган кыргызстандык кыз аныкталган. Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, ал Орусияда мыйзамсыз жашап, ал жакка мыйзамдуу өкүлдөрү жок жалгыз барган. Бул боюнча ТИМ маалымат таратып, кыздын жанында эжеси болгонун билдиришти. "2008-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жараны ата-энесинин ишеним каты менен 1988-жылы туулган эжеси менен болгон. Административдик укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, кыз эжесине өткөрүп берилген", - дешти.