Abank
SerepTV Logo

Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн 15 жаштагы кыргызстандык кыз аныкталды

Орусияда мыйзамсыз иштеп жүргөн 15 жаштагы кыргызстандык кыз аныкталды
Орусиянын Красноярск шаарында полиция эмгек мигранттары арасында рейд өткөрдү. Жергиликтүү ЖМКлар жазгандай, текшерүү учурунда 2009-жылы туулган кыргызстандык кыз аныкталган. Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, ал Орусияда мыйзамсыз жашап, ал жакка мыйзамдуу өкүлдөрү жок жалгыз барган. Өспүрүм учурда социалдык кароодо. «Пияз фабрикасы» өндүрүштүк базасынан кыз менен Кыргызстандын, Азербайжандын жана Тажикстандын дагы 68 жараны аныкталган.