Royal
SerepTV Logo

Өлкөдөгү мектептерде акыркы коңгуроо 25-майда өтөт

Өлкөдөгү мектептерде акыркы коңгуроо 25-майда өтөт

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл республиканын жалпы билим берүү уюмдарында “Акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда саат 9да өтө тургандыгын маалымдады.

Республиканын менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат. “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш: - райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күзөт уюштуруу; - билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу чогулуштарды өткөрүү. Эскертүү! Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.