Өлкөдө 84 дарыкана лицензиясы жок иш алып барганы аныкталды
Министрликтин дары-дармек жана медициналык буюмдар боюнча департаменти текшерүү учурунда өлкө боюнча 84 дарыкана уруксат документтери жок иш алып барганын аныктаган. Уруксат кагазы жок иш алып барган дарыканалардын иши прокуратурага өткөрүлөт.
Алар:
Бишкек шаарында - 30 дарыкана;
Нарын облусу - 5 дарыкана;
Талас облусу - 8 дарыкана;
Ысык-Көл облусу - 4 дарыкана;
Ош шаары - 37 дарыкана.