Abank
SerepTV Logo

Окуучуларды 5-класстан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо сунушталды

Окуучуларды 5-класстан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо сунушталды
Билим берүү жана илим министрлигинде «Жаш тилчилер» уюмунун алгачкы кеңешмеси өтүп, анда кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча бир катар маселелер талкууланды. Анда окуучуларды кыргыз тили боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо маселелери да көтөрүлдү.
«Окуучуларды 5-класстан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө даярдай баштасак жакшы болмок. Анткени бүтүрүүчү класстарда даярдай баштоо менен кечигип калуудабыз», - деп билдирди Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова.