"Өгөй апам мени багып алган күнү эле кетмен карматып, көчөгө чыгарып койгон" дейт атасын издеген кыз
Бул жолу SUPERTV телеканалына өзүнүн башынан өткөн оор тагдыры башкаларга сабак болуусун каалаган каарманыбыз кайрылды. Ал көп жылдан бери кулчулукта жүргөнүн, 25 жылдан кийин таштап кеткен апасын таап, тилекке каршы ал экинчи ирет да баш тартканын, эми атасын издеп жатканын айтат.
"Мен интернатта чоңойгом. Ата-энем төрөлгөндө эле таштап кетишкен. Чүйдөгү интернатта чоңойдум. Биз ал жакка 20 чакты бала барганбыз. Алардын көбүн багып алышты. Арасынан үчөөбүз эле калдык. 2002-жылдары мени бир аял "багып алам" деп калды. Мен "барбайм" деп ыйладым, бирок мени жетекчи берип салган. Жашоом оңолот го деп ойлогом. Бирок ал аял келер күнү эле кара жумушка салды. Колума кетмен карматып, көчөгө чыгарып койчу. Ал жакта тургандар кайда барышса, ошол жакка барып, сабиз, пияз, картошка, бадыраңга чыкчумун. Күнүгө чыгарчу. Күнүнө 150 сом колуна карматчумун. Бирок бир да жолу кийим алып берген жок. Бирөөлөрдүн эскисин кийип чоңойдум. Мектепке деле барсам барчумун, барбасам жок", - дейт каарманыбыз.
https://youtu.be/6Peg0cxHhbo