Netflix Кыргызстан менен Казакстанда реалити-шоу тартууга келет
Бүт дүйнөгө таанымал Netflix стриминг платформасы Кыргызстан менен Казакстанда реалити-шоу тартыла тургандыгын жарыялады. Алматы акимчилиги тартуу иштери 20-майдан 30-майга чейин өтөрүн казак басылмаларына билдиришкен.
"Компания өзүнүн тревел-шоу берүүсү үчүн Алматы менен кыргыз табиятын локация катарын тандап алган", - деп билдиришкен Алматы акимчилигинен.