Мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакиров суракка чакыртылганын айтты
Мандатынан 26-августта ажыратылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров Ош ОИИБге суракка чакыртылганын журналисттерге өзү билдирди.
”Азыр ошол жакка бара жатам. Эмне үчүн билбейм”, - деген ал.
Ош облустук милициясы бул боюнча маалымат бере элек.