Royal
SerepTV Logo

Москвада сабалган 11 жаштагы кызды мекенине жөнөтүү үчүн документтер даярдалып жатат

Москвада сабалган 11 жаштагы кызды мекенине жөнөтүү үчүн документтер даярдалып жатат
Кыргызстандын жашы жете элек жаранынын тууганы тарабынан сабалышы боюнча факты Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 22-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдүн жашаган жерине барышкан. Учурда ата-энеси менен макулдашып, жашы жете элек кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда. Бул факты боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүүдө.