Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда бензин арзандашы мүмкүн экенин айтты
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан Кыргызстанда бензин арзандашы мүмкүн экенин айтышты.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын январынан тартып бензиндин дүң баасы төмөндөгөн, бул чекене баага да таасир этиши керек. "Кийинки айда рынокто баанын 5-6 сомго чейин төмөндөшү күтүлүүдө", — дешти мекемеден.
Бүгүн, 25-январда депутат Жеңишбек Токторбаев күйүүчү майга 18-20 сом кошуп сатып жатышканын айтып, нааразы болгон.