Милиция депутат Тазабек Икрамовго айып салды
Коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн депутат Тазабек Икрамовго тийиштүү протокол толтурулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"Жогорку Кеңештин депутаты катары жоопкерчилик тартпоого мыйзам жол берет. Бирок мыйзамды сыйлаган депутат катары, коомчулуктун сын-пикирин эске алган эл өкүлү катары жоопкерчиликти алып, өзүнө карата түзүлгөн протоколго макулдугун берди. Ошого байланыштуу Укук бузуулар кодексинин 182-беренесинин 6-бөлүмүнө ылайык, тийиштүү протокол толтурулуп, миң сом айып салынды", - деп айтылат маалыматта.