Милиция "Алкан" базарындагы бомба тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди
Свердлов РИИБ "Дордой" базарынын ичиндеги "Алкан" базарындагы бомба тууралуу маалымат тастыкталбаганын билдирди.
Бүгүн, 21-июлда болжол менен саат 09:55 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына «Дордойдун» ичиндеги «Алкан» базарына бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Базар курчоого алынып, жарандар жана соодагерлер эвакуацияланган.