Abank
SerepTV Logo

Милиция 17 жаштагы Перизат Кубанычбек кызын издеп жатат

Милиция 17 жаштагы Перизат Кубанычбек кызын издеп жатат
Милиция кызматкерлери тарабынан Кубанычбек кызы Перизаттын жүргөн жерин аныктоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. 31-майда милицияга арыз менен «Эне жана баланы коргоо борборунун» жетекчиси кайрылып, 2005-жылы туулган окуучу Кубанычбек кызы Перизаттын жоголгонун айтып, жардам сураган. 30-майда аталган борбордо болгон. Саат 21:30дар чамасында уктап жаткан, бирок эртең менен ордунан таппай калышкан. Ошол бойдон кайтып барган эмес. Учурда кыздын кайда экени белгисиз. Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык, көзү күрөң, чачы орто узундукта. Аба ырайына жараша кийинип жүргөн. Сүрөттөгү кызды көргөн болсо, 0 704 103-102, 0 500 260-250, 0 708 50-00-21, 0 706 51-51-54, 0 500 43-28-15 номурларына чалсаңыздар болот.