Royal
SerepTV Logo

Мэрия: "1-июлдан баштап автобус жана троллейбустарда накталай төлөм жүргүзүү мүмкүн болбой калат"

Мэрия: "1-июлдан баштап автобус жана троллейбустарда накталай төлөм жүргүзүү мүмкүн болбой калат"

1-июлдан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортторунда накталай төлөмдөр алып салынат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Эми 1-июлдан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбай, Тулпар толук иштей баштайт. Жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөм ыкмаларын тандоо сунушталат.

Сиз жол кирени төмөнкү жолдор менен төлөй аласыз:

- үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

- виртуалдык NFC картасы;

- Tulpar жана  Balance тиркемесинде QR сканерлөө;

- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.