Акыйкатчы: "Дарыгерлер баш-мээси чайкалган окуучуну 5 күндө айыктырганы таң калтырды"
Сузак районунда мугалимдин ур-токмогунан баш-мээси чайкалган окуучунун иши адилетүү каралбай жатканын, окуяны видеого тарткан классташына карата коркутуулар болуп жатканын айтып чыккан акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сузакка барды. Окуучу кыздын ооруканадан чыгарылганы ага таң калычтуу болгонун социалдык баракчасына жазып чыкты.
"Жалал-Абад шаарына келди. Балдардын укугун коргоо боюнча эл аралык күнү Сузак районунда мугалим тараптан сабалган 14 жаштагы окуучу кызды ооруканадан “Бүттү, айыкты. Акыбалы жакшы” деп чыгарып коюшуптур. Мугалимдин ур-токмогунан кыздын мээси чайкалды, баш мээнин жабык жаракатын алды жана башка ден соолугуна зыян келтирилген деп дарыгерлер өзүлөрү тыянак жазып, 5 күндө кантип айыктырганы таң каларлык. Ошондуктан тез арада Жалал-Абад шаарына келдим. Эртең иликтөөбүздү жүргүзөбүз", - деп жазды акыйкатчы.