Royal
SerepTV Logo

"Кызыңызды үйдөн чыгарбай караңыз дешти". Сузакта мугалим ур-токмокко алган окуучу ооруканадан чыкты

"Кызыңызды үйдөн чыгарбай караңыз дешти". Сузакта мугалим ур-токмокко алган окуучу ооруканадан чыкты
Сузак районунда мугалими ур-токмокко алган окуучу кыз ооруканадан чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуучу кыздын апасы Шаиргүл Хусанова билдирди. "Кызымды кечээ, 1-июнда Жалал-Абад шаарына алып барып текшертишип, абалы жакшырганын айтышып, ооруканадан чыгарышты. Кызымды урган эжекеси күндө бир маал келип кабар алып кетип жатты. Райондон да психолог керекпи деп кабарлашып турушту. Врачтар "дүйшөмбүгө чейин биздин көзөмөлдө болуп турат, ага чейин үйдөн чыгарбай жакшы караңыздар" дешти. Азыр кызым үйдө, Кудайга шүгүр жакшы", - дейт окуучунун апасы Шаиргүл Хусанова.