Abank
SerepTV Logo

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан каттамы боюнча сыноо иретинде алгачкы поезд ишке кирди

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан каттамы боюнча сыноо иретинде алгачкы поезд ишке кирди
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан транспорттук коридору боюнча алгачкы жүк ташуучу поезд Кытай тарабынан ишке киргизилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинен маалымдашты. 3 мамлекет Сиань шаарында өткөн саммитте Ланчжоу станциясынан Ташкентке 30 контейнерден турган поездди жөнөтүүнү макулдашкан. Сыноо иретинде башталган поезд каттамына 9-июнда старт берилген. Баш-аягы 2,5 миллион долларга бааланган күн батареялары, механикалык жабдуу, кездеме жана башка жүк жүктөлгөн поезд Ланчжоудон Ташкентке 15 күндө жетет. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун кыргыз бөлүгү курула электигине байланыштуу Кыргызстандын аймагында жүк поездден автотранспортко жүктөлөт.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от O’zbekiston Respublikasi Transport Vazirligi (@transport_vazirligi)