Royal
SerepTV Logo

Кыргызстанга Орусиядан ата-энесинин камкордугусуз калган 3 бала алып келинди

Кыргызстанга Орусиядан ата-энесинин камкордугусуз калган 3 бала алып келинди
21-декабрдан 23-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын укуктарын коргоо боюнча иш-чаралардын алкагында ата-энесинин камкордугусуз калган Кыргызстандын жашы жете элек жарандарын өз мекенине кайтаруунун үчүнчү этабы Орусиянын аймагында болуп өттү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти. Аталган репатриация иш-чарасынын алкагында элчилик Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Орусиянын Самара, Орел, Москва шаарларынан Кыргыз Республикасынын жашы жете элек 3 жаранын мекенине кайтуусун ишке ашырды. Элчилик тарабынан, ошондой эле балдардын мекенине кайтып келүүсү үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер таризделди.