Abank
SerepTV Logo

Кыргызстандык кыз орусиялык блогердин оюнунан BMW унаасын утуп алды (видео)

Кыргызстандык кыз орусиялык блогердин оюнунан BMW унаасын утуп алды (видео)

Бишкек шаарынын тургуну Сауле Балабекова 9 миллиондон ашык катталуучусу бар бар орусиялык блогер Надин Серовскийдин оюнунан BMW унаасын утуп алды.

Катышуучулар блогердин Инстаграмдагы баракчасына, ошондой эле анын "досторуна" жазылышы керек болчу. Блогер жеңүүчүнү 4-январда кокустук генераторунун жардамы менен аныктады.

Жаңы унаанын ээси аныкталгандан кийин Серовски Балабековага телефон чалган. Кыз Бишкекте жашай турганын, 27 жашта экенин айткан. Сауле эми ​​байгесин алуу үчүн Москвага барышы керек.

data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Nadin Serovski (@nadin_serovski)