Abank
SerepTV Logo

Кыргызстандан Түркияга дагы куткаруучулар учуп кетти

Кыргызстандан Түркияга дагы куткаруучулар учуп кетти
Бүгүн, 12-февралда Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн ӨКМдин куткаруучулар тобунун биринчи курамы Түркиянын Газиантеп шаарына учуп кетет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев журналисттерге маек берип жатып билдирди.
Курамында 50 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр бар. Бул учакка 75 боз үй менен гуманитардык жардам жүктөлдү. Ал эми калган куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар келе жаткан аптанын шейшемби күнү жеткирилмекчи.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="163482,163487,163484,163483,163485,163489,163488,163486"]