Кыргызстанда 18 жашка чейинки кыздарга караганда, эркек балдар көп
Балдарды коргоонун эл аралык күнү жай мезгилинин биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден-соолугун коргоо керектиги жөнүндө коомго эскертүү берип турат. Улуттук статистикалык комитет бул күнгө карата сандар жана фактылар менен бөлүштү.
2021-жылдын башында Кыргызстанда курагы 18 жашка чейинки 2 миллион 512 миң бала жашаган, алардын жарымынан көбүн эркек балдар түздү. 2020-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 56 миң балага же 2,3 пайызга көбөйдү.
Ушул жылдын башында балдардын жалпы санынан:
- 44% - 7 жашка чейинки балдар (1 миллион 118 миң адам);
- 43% - 7-14 жашка чейинки балдар (1 миллион 74 миң адам);
- 13% - 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (320 миң адам).