Abank
SerepTV Logo

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топтору жолугушуу өткөрдү

Кыргызстан жана Тажикстандын топографиялык топтору жолугушуу өткөрдү
2022-жылга пландалган графикке ылайык, Бишкек шаарында 25-майдан 30-майга чейин Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн. Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтө тургандыгы пландаштырылды.