Кыйноолорду алдын алуу борбору: "Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси кыйноо көрсөткөн үчүн соттолгон"
"Жалал-Абаддагы убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси айыпталуучуга карата кыйноо колдонгону боюнча арыз түшкөн",- деп билдирди Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун төрагасы Бакыт Рысбеков 7-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында.
Анын айтымында, жыйынтыгында убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси соттолуп, 300 миң сом айып салынган. Рысбеков борбордун 2019, 2020, 2021-жылдары аткарган иштери боюнча отчетторун берди.