«Крокуста» жүздөгөн адамдын өмүрүн сактап калган Исламды Владимир Путин сыйлады
"Крокус сити холлдогу" 22-мартта болгон кандуу окуяда элди сактап калган Ислам Халилов баштаган үч өспүрүмдү Орусиянын президенти Владимир Путин "Өлүм алдындагыларды куткаргандыгы үчүн" медалы менен сыйлады.
Буга чейин Орусиянын Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белова Ислам Халиловду теракт учурунда адамдарды сактап калгандыгы үчүн сыйлаган. Кийин Орусиянын мусулмандар диний башкармалыгын башчысы Равиль Гайнутдин медаль тапшырган болчу.