"Кичинемден кордук көрдүм. Үйдөн таттуу таап алсам, өгөй апам чачтан сүйрөп, дубал сүздүртчү" дейт 26 жаштагы кыз
Бул жолу SUPERTV телеканалына өзүнүн башынан өткөн оор тагдыры башкаларга сабак болуусун каалаган каарманыбыз кайрылды. Ал көп жылдан бери кулчулукта жүргөнүн, 25 жылдан кийин таштап кеткен апасын таап, тилекке каршы ал экинчи ирет да баш тартканын, эми атасын издеп жатканын айтат.
Каарманыбызды ата-энеси аны төрөлгөндө эле таштап кеткенин айтат. Ал Чүйдөгү балдар үйүндө тарбияланган. Ошол жерде аны бир аял багып алган. Бирок кыз ойлогондой анын жашоосу өзгөргөн деле эмес. Өгөй апасы мажбурлап, колуна кетмен көтөртүп, талаа жумуштарына чыгарып, кордук көрсөткөнүн айтат. "Үйдө мал да абдан көп болчу. Аларды карайсың, жоголсо издейсиң, жашоом тозок болчу. Ал аялдын менден башка эки кызы бар болчу. Алардын балдары бар болчу. Анан бир күнү кыздарынын бирөөсү мени үй жыйнаганга сурап кетет. Үйүнө барганда башкалар менен кошо талаага алып кеткен. Кечке чейин иштедик. "Апаңа айтсаң, өпкөңдү үзөм" деп жөнөттү. Мен аны апама айткан жокмун. Ичимен күйдүм", - дейт ал.
Ал ошондой эле кичинесинде үйдө идиш-аяк сынса эле таяк жегенин айтат. "Мен таттуу жегим келчү. А менден катып коюшчу. Мен таап алчумун. Эки колумду койдуруп, бычак менен чапчу, же чачыман кармап, дубал сүздүртчү. Мен ошентип 7 жыл жүрдүм. 7 жыл кордук көрдүм. Асмандан учак көрсөм эле, "апам мени издеп жатат" деп ойлочумун. Аял болсо, мени "кайра интернатка алып барып салам, тамакка тойбой өлөсүң" деп коркута берчү", - дейт Табихат.
https://youtu.be/6Peg0cxHhbo