"Керек десеңер, бүгүн учак менен алып кетели". Ташиев ооруканада балдардан кабар алды
Бүгүн, 3-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган окуучулардан кабар алып, ата-энелер менен жолугушту. Буга чейин кырсыкты иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.
Ташиевдин айтымында, жабыркаган балдардын абалын жакшы деп айтуу оор.