Royal
SerepTV Logo

Кеминде талма оорусу менен жабыркаган 26 жаштагы жаран изделип жатат

Кеминде талма оорусу менен жабыркаган 26 жаштагы жаран изделип жатат
Кемин райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 26 жаштагы Жолдошбек Чубак уулун издеп жатат. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Жолдошбек Чубак уулу 24-майда Кемин районунун Калмак-Ашуу айылындагы мечиттен чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Белгилери: бою 180 сантиметр, чачы кара кыска. Кийген кийими: кара спорттук костюм, башында көк панама, кара спорттук бут кийим.

Жоголгон жаран кайда экени тууралуу маалымат болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 61-68-41, (0335) 5-02-80 же 102 телефон номерлерине чалып кабарлаңыз.