Abank
SerepTV Logo

Kaktus.media сайтына козголгон кылмыш иши токтотулду

Kaktus.media сайтына козголгон кылмыш иши токтотулду

Kaktus.media`га козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Кылмыштын курамы жок болгондуктан иш 31-мартта жабылган. 

27-январда «Кактус медиа» сайты чек арадагы чырды чагылдырууда Тажикстандын «Asia Plus» басылмасынын жаңжалдын келип чыгуу версиясы жөнүндө чыккан материалын жарыялаган. Аталган сайт ал маалымат боюнча түшүндүрмө тараткан. «Башка басылмадан алынган маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз», — деп жазылган редакциянын түшүндүрмөсүндө. Бул макалага байланыштуу 28-январь күнү «Кактус медиа» сайтынын кеңсесинин алдында митинг өтүп, нааразычылыгын билдирип келген жарандар басылманын жабылышын талап кылышкан. Кийинчерээк Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.