"Жумуш күтпөйт". Акылбек Жапаров ооруканадан бүгүн чыгат
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруканадан бүгүн, 29-апрелде чыгат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Мамлекеттик жумуш күтпөйт. Маанилүү жумуштар бар. Иштеши керек. Ооруканадан бүгүн чыккан атат", - деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 28-апрелде эртең менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу түшкөн.