Royal
SerepTV Logo

"Жубайым колумда жан берди. Жоголуп кетким келген, бирок 52 күндүк кызым үчүн үйгө келдим" дейт ата

"Жубайым колумда жан берди. Жоголуп кетким келген, бирок 52 күндүк кызым үчүн үйгө келдим" дейт ата
Биздин бул жолку каарманыбыз 4 баласын жалгыз баккан 32 жаштагы ата. Ал мындан 6 ай мурда жубайынын жүрөк оорусу кармап, каза болгонун, ошол күндөн бери балдары үчүн эненин да, атанын да милдетин аткарып жатканын айтты. “Жубайым каза болгондо жоголуп кетким келген, бирок кыздарым үчүн жашоого кайттым” дейт ал. "Мен 1990-жылы төрөлгөм. Өзбекстандан келген кыргыздарбыз. Тагдыр экен ата-энемден жаш калдым. Январь айында жубайымдан айрылып калдым. Балдарымдын улуусу 12 жашта, андан кичүүсү 7ге чыгат. Кызым 5ке чыгат. Эң кичинекейибизге 6 ай болду. Жубайым төрөтканадан чыгып, 50 күндөй жакшы жүрдү. Мен намазга барып келейин десем, макул деп калган. Барып, кайра келсем эле чарчап отуруп калыптыр. Кошунанын унаасы менен ооруканага алып барсак, үзүлүп кетти. Жүрөктөн дешти. Менин колумда жан берди. Ошол убакта менин кайра үйгө келгим келген жок. Ошондон ары кетип, жоголуп кетким келди. 52 күндүк кызым мени аябай үйгө тартты. Ошол кызым үчүн үйгө келдим", - деди ал. https://youtu.be/J4PYg1cdNnA