Royal
SerepTV Logo

Жеңиш күнү Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт? Министрликтин жообу

Жеңиш күнү Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт? Министрликтин жообу
9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 77 жылдыгына карата митинг-реквием өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты. Иш-чара Бишкек гарнизонунун аскерлеринин катышуусу менен өтөт. Ошондой эле, "Солдат кашасы" уюштурулуп, Улуу Ата-Мекендик согуш учурундагы курал-жарактар жана аскердик техникалар көрсөтүлөт. "Өлбөс полк" жөө жүрүшү шаардын Түштүк дарбазасынан башталып, Жеңиш аянтында аяктайт.