Royal
SerepTV Logo

Жаш скульптор Тамила Маматова Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланды

Жаш скульптор Тамила Маматова Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланды
9-июнда жаш скульптор Тамила Маматовага Казакстан Республикасынын II даражадагы “Достык” ордени тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты. Мамлекеттик жогорку даражадагы сыйлыкты Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык, Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Рапиль Жошыбаев тапшырды. Тамила Маматова Мухтар Ауэзовдун бюстун жасап, эки элдин достугун бекемдөөгө жана маданий алаканы жаңы деңгээлге алып чыкканы баса белгиленди. Рапиль Жошыбаев өз сөзүндө Тамила Маматованын ишине казак эли ыраазы болуп жатканын айтып, ага чыгармачылык ийгилик каалаган. “Достык” ордени Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы болуп саналат. Жарандарга коомдогу өз ара ынтымакты сактоодогу үзүрлүү эмгеги, тынчтыкты, элдин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн Казакстандын президенти тарабынан ыйгарылат. Ушул жылдын июль айында Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Тамила Маматова жасаган бюсттун салтанаттуу ачылышы пландалууда.