"Жандандыруу бөлүмүндө жатат". Бишкекте унаа сүзүп кеткен жарандын жакындары изделип жатат
Бишкек ШИИБдин кызматкерлери унаа сүзүп кеткен жарандын аты-жөнүн тактоого коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-майда саат 07:50 чамасында Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу Масалиев көчөсү менен бара жатып, 10-кичи райондо жайгашкан үйлөрдүн биринин алдынан болжолдуу 50-55 жаштагы жаранды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен денесинен жаракат алган белгисиз жөө жүргүнчү эс-учун жоготкон абалда шаардык клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Кийген кийимдери: боз түстөгү спорттук куртка, жашыл свитер, көк түстөгү футболка, көк түстөгү ич шым, көк түстөгү жынсы шым, кара кур, кара байпак, боз түстөгү ич кийим, бутунда кара бут кийим.
Өзгөчө белгилери: бою 170 сантиметр, чачы кыска жана ак баскан, орто дене түзүлүштө, башка өзгөчөлүгү жок.
Сүрөттөгү жаранды тааныгандар болсо, (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, 0553 11-21-13, (0502) 22-24-12 номурлары менен байланышсаңыздар болот.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="112206,112207"]