Royal
SerepTV Logo

Жалал-Абад шаарында 10 миң адам баткан жаңы мечит курулат

Жалал-Абад шаарында 10 миң адам баткан жаңы мечит курулат
Жалал-Абад шаарында эски борбордук мечиттин ордуна жаңы заманбап мечиттин курулуш иштери башталат. Кечээ, 17-майда аталган "Имам Аль- Бухари" атындагы мечитте жума намазы окулуп, курулуш иштери тууралуу жарыяланып, эски мечитти бузуу иштери башталаары айтылды. 10 миң адамга ылайыкталган жаңы мечиттин курулуп бүтүшү 2 жылга созулат. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жамаатка кайрылып жатып: "Мечиттин курулуш иштерин өзүм көзөлдөп турам. Урматтуу президентибизден уруксат алдык. Садыр Нуркожоевич да курулуш иштерине колдоо көрсөтөөрүн айтты", - деп билдирди. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="241548,241547,241551,241549,241550"]