Жалал-Абад: Кош-Дөбө - Мундуз унаа жолу ачылды
Жалал-Абаддагы Кош-Дөбө - Мундуз унаа жолу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
5-май күнү саат 02:30дар чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кош-Дөбө айыл аймагындагы Мундуз-Сай сайынан сел түшүп, Кош-Дөбө - Мундуз унаа жолунун 5-чакырымында жол жээгин жеп кеткен.
Азыркы тапта жол каттамы ачык. Турак жайларга коркунуч жаралган эмес.